КТРК сабалган журналисттер тууралуу билдирүү таратты

"Ата-Түрк" паркындагы электр энергиясына акча төлөбөй жаткан "хан сарайлардын" жанынан сабалган кабарчылары тууралуу Коомдук телерадиоберүү корпорациясы билдирүү таратты. Анда мындай деп айтылат: "2013-жылдын 7-январында кабарчыларыбыз Ширин Асанакунова менен Бурулай Пусурманкулова журналисттик милдетин өтөп жатып, "Ата-Түрк" паркындагы А.Малдыбаев көчөсүндөгү №16 үйдүн жанынан белгисиз адам тарабынан ур-токмокко алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча, №16 үйдө М.Адаев деген адам жашаары белгилүү болду. Журналисттер электр энергиясына айлап-жылдап акча төлөбөгөн "хан сарайлардын" жашоочулары тууралуу сюжет жасап жатышкан. Ошол маалда №16 үйдүн жанында турган адам журналисттерге кол көтөрүп, микрофонду сындырып салган. Видеокамераны болсо оператор алып качып, сактап калган. Ал адам кабарчы Ширин Асанакунованы сабаган. Журналист медициналык-экспертизадан өтүп, ооруканага жаткырылды. Сабаган адам окуя болгондон кийин кара түстөгү В 3747 АЕ номерлүү "БМВ" автомашинасына отуруп окуя болгон жерден кетип калган.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясы Ички иштер министрлигинен, прокуратурадан, сот органдарынан жана башка күч түзүмдөрүнөн Ширин Асанакунованы сабаган адамды тез арада таап, жоопко тартууну суранат. Журналисттик милдетин аткарып, казынага зыян келтирип жаткан адамдардын чыныгы жүзүн ачууга жасалган кадам мамлекеттик органдар тарабынан колдоого алынууга тийиш деп эсептейбиз", - деп айтылат КТРКнын 7-январда тараткан билдирүүсүндө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД