“Супер-Инфонун” боюнда бар кызматкери убактылуу тергөө абагынан чыгарылды

"Супер-Инфо" гезитинин журналисти Бахияна Сатылганова ден соолугуна байланыштуу №1 убактылуу тергөө абагынан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда, гезиттин вице-президенти Айсулуу Алимбекова "ВБ"га билдирди.

Эскертсек, КТРКнын алып баруучусу Назира Айтбекованы тамаша-торго салган үч киши "Бейбашчылык" беренеси менен айыпталууда. Ошондой эле аларга "Адам уурдоо" жана "Мыйзамсыз эркинен ажыратуу" беренелери боюнча да күнөө коюлууда.

Шектелгендердин адвокаты Талант Байгазиевдин айтымында, гезиттин кызматкери Максат Орузунбетов операциядан кийин азыр ооруканада. Беш айлык боюнда бар Сатылганова да учурда ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылган. Ал эми теле алып баруучуну тамашага салууга катышкан актер Жанат Муратов камакта калтырылды. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту 2012-жылдын 26-декабрында чыгарган.

Адвокат белгиленген мөөнөткө ылайык, алдын ала иликтөө иштери 4-январда бүтүшү керектигин айтты. "Ишти сот органдарына бериши керек болчу. Майрамдардан улам кылмыш ишин сот инстанциясына өткөрүү кечеңдеп атышы мүмкүн", - деди Байгазиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД