Барымтадан бошотулган 4 киши жана милиция Баткендеги ооруканада дарыланууда

Баткен облустук оорукананын башкы дарыгери Тургунбай Айжигитов учурда ооруканада туткундан бошотулган 4 киши жана жаңжал учурунда жарат алган участкалык милиция дарыланып атканын бүгүн, 8-январда, "ВБ"га билдирди.

Айжигитовдун айтымында, дагы эки кишиге ооруканага жатып дарылануу сунушталган, бирок алар үйүндө жаш балдары жана кары адамдар болгондуктан андан баш тарткан.

"Төрт кишинин тең мээси чайкалган жана түрдүү жарааттарды алган. Ал эми ооруканага жатуудан баш тарткан эки киши жеңил жаракат алышкан", - дейт башкы дарыгер.

Айжигитов ошондой эле 12 адам амбулатордук жардам алганын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД