“Кыргызгаз” элди газ менен үзгүлтүксүз камсыздоого сөз берүүдө

Казакстандан жана Өзбекстандан газ алып келүү боюнча келишимдин жок болгонуна карабастан газ менен камсыз кылуу штаттык режимде жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда, "Кыргызгаз" ААКынын басмасөз кызматы билдирди.

Компаниянын берген маалыматына ылайык, газ алып келүү боюнча "КазТрансГаз" жана "Узтрансгаз" менен сүйлөшүүлөр дале улантылууда. Азырынча көгүлтүр отундун баасы 2013-жылы канча болору чечиле элек. Кыргызстан эки тарап менен тең миң кубометр газды 200 доллардан алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө.

Ага карабастан "Кыргызгаз" январь айындагы баа декабрдагыдай боло тургандыгын белгилешти.

Азырынча тараптар алынып келинчү газдын көлөмү боюнча гана сүйлөшө алышты. 2013-жылы Кыргызстан өлкөнүн түндүгү үчүн көгүлтүр отунду "КазТрансГаздан" алса, өлкөнүн түштүгү үчүн "Узтрансгаздан" 100 млн кубометр жаратылыш газын алат.

Сүйлөшүү дагы канчага созулары белгисиз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД