Чек ара кызматы: Өзбекстан менен болгон чек араны жарандар бузган

Өзбекстан менен болгон чек араны чек арачылар эмес, жарандар бузган. Алар коомдук бирикменин мүчөлөрү гранттык каражатка электрчубалгыларынын түркүктөрүн орноткон. Ал өз кезегинде Сох анкылавындагы жаңжалдын чыгуусуна негиз болгон. Бул тууралуу бүгүн Чек ара кызматынын басмасөз кызматынын жетекчиси Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын жарандары түркүктөрдү орнотууда өзбекстандын Сох анкылавы менен болгон чек араны бузушкан. Бул аракет жергиликтүү тургундар ортосунда жаңжалдын чыгуусуна алып келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД