Кыргызстандык дыйкандар жаздан баштап түрк төө бурчагынын үрөнүн колдоно алышат

"Өздемир", "Арслан", "Баталли" түрк селекциясынын төө бурчактарынын үрөнүн кыргызстандык дыйкандар жаздан баштап колдоно алышат. Бул тууралуу сортторду сыноо жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурсу боюнча мамлекеттик борбордун директору Дмитрий Тен "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, 1991-жылдан бери Кыргызстанда төө бурчактын үрөнүн өстүрүү төмөндөп кеткен. Учурдагы ата мекендик үрөндөр мол түшүм бербейт. Ушундан улам дыйкандар жыл сайын көптөгөн чыгымдарды тартышууда. Ал эми түркиядан алынып келген үрөндөр гектарынан 27-31 центнерге чейин түшүм берет.

Ошол эле учурда Тен түрк үрөнүнүн баасы да бардык эле дыйкандардын чөнтөгүнө чак келбей турганын белгиледи. Муну түрк үрөнүнүн бир кемчилиги катары баалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД