Камчы Көлбаев МУККнын тергөө абагында 3-февралга чейин калтырылды

Бишкектин Биринчи Май райсоту "мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаевди Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу тергөө абагында 3-февралга чейин калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу райондук соттон "ВБ"га билдирди.

"ВБ" буга чейин алгач Көлбаевди 2013-жылдын 8-январына чейин камакта калтыруу чечими кабыл алынганын маалымдаган. Маалыматка караганда МУККнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен "мыйзамдагы ууруну" камакта калтыруу мөөнөтүн сот узарткан.

Көлбаев "Кылмыштуу топ түзгөн", "Кылмышка катыштыгы бар", "Мыйзамсыз курал жарак сактоо жана аны алып жүрүү" сыяктуу бир нече беренелер боюнча айыпталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД