Мамлекеттик мүлк фонду эки жылда мамлекеттин 31 менчик объектисин сатат

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 2013-2014-жылдары 31 мамлекеттик менчик объектини сатууну пландоодо. Бул тууралуу фонддон "ВБ"га билдиришти.

Учурда баалоо үчүн анын ээсин жана укуктук жактан күбөлөндүрүүчү документтерди калыбына келтирүү аракеттери жүрүүдө.

2012-жылы мамлекеттик мүлк фонду болгону эки гана объект саткан. Ноябрда түз сатуу методу боюнча "ИталКир – мейманкана "Хаяттын" мамлекеттик 9,67% пакет акциясы 105,3 млн сомго сатылган. Акцияны "Хаятт Интернейшнл Корпорейшн" компаниясы сатып алган.

Ошондой эле август айында түз сатуу методу аркылуу "КАТ" ЖЧКнын 65,5% үлүшү 3,5 млн сомго сатылган. Аны "Терминал" ЖЧКсы сатып алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД