КТРКнын журналисттерин сабаган шектүү адам камакка алынды

КТРКнын журналисттерин сабады деп шектелген Айдин Кулбаев убактылуу тергөө абагына камакка алынды. Бул туурлауу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

РИИБден алынган маалыматка ылайык, кечээ, 8-январда, сурак маалында Айдин Кулбаевдин күбөлөр тааныган. Жыйынтыгында шектүү камакка алынган.

Бүгүн да КТРКнын журналистинин катышуусу менен шектүүнү аныктап таануу иштери жүрөт. Кечээ дарыгерлер ден соолугуна байланыштуу журналисттердин бирөөнү кое беришкен эмес.

Эскертсек, 7-январда жарык үчүн төлөмдү төлөбөгөн Ата-Түрк паркындагы Малдыбаев көчөсүнүн жашоочулары тууралуу сюжет тартып жатканда, КТРКнын Ала-Тоо программасынын журналисттери Ширин Асанакунова менен Бурулай Пусурманкулова сабалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД