Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин биринчи катчысы жол кырсыгына кабылды

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин биринчи катчысы кечээ, 8 январда, жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу бүгүн, 9 январда, РИА Новости агенттиги Мосванын укук коргоо органдарын шилтеме берүү менен билдирди.

Маалымдалгандай жол кырсыгынан дипломат менен кошо жүргүнчү да жарат алган. Алар ооруканага жеткирилген.

Авария саат 23.45 чамасында Севастопольск проспектисинде катталган. "Кыргызстандын элчилигинин кызматкери Suzuki Grand Vitara машинасын башкара албай, жол жегинде турган түркүктү сүзгөн", - деп билдирет укук коргоо органдын кызматкери.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД