Ош облусунда жергиликтүү тургундар кытай жарандары менен мушташты

Ош облусунда кытай жарандары менен жергиликтүү тургундар ортосунда мушташ болду. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын маалымат-катчысы Жеңиш Ашырбаев "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 8-январда, Куршаб айылында болжол менен сатт 19.30 "Астан-Ата" кафесинин жанынан Кытай Эл Республикасынын 4 тургуну "ТВЕА - электрические линии КНР" ААКысынын кызматкерлери кафенин жанынан өтүп бараткан 1986-жылы туулган Мураталы Сасыковду себепсиз токтотуп, аны күч колдонуп кафеге алып кирип, сабап бир бөлмөгө камап койгон.

Ошол эле убакта КЭРдин дагы эки жараны 1972-жылы туулган Шайыргүл Жумабаеваны да кафеге күч менен алып кирип сабап, Сасыков менен кошо камап койгон.

Сасыков телефон аркылуу туугандарына чалып, окуя тууралуу айткан. Ал жерге Сасыковдун атасы Абдыкамал келгенде, аны да сабап салышкан.

Окуя тууралуу маалымат алган Өзгөн районунун Куршаб айылынын участкалык милициясы жана ыкчам топ ал жерге келген. Алар кытай жарандары аты аталган жарандары сабап атканына күбө болушкан. Милиция кызматкерлери кафеге кирүүгө аракет кылышкан, бирок кытай жарандары каршылык көргөзүп милиционерлерди да сабап салган.

Бул учурда кафенин алдына 100дөй киши камакка алынгандарды бошотобуз деп чогулган. Чогулган эл кафенин эшик терезесин сындырып кирип, кытай жарандары менен мушташышкан.

Жаңжалдан төрт милиция кызматкери жана жергиликтүү эки тургун жаракат алып, ооруканага кайрылышкан.

Кытайдын 18 жараны да түрдүү жаракат алып, ооруканага алынып келинген. Алардын экөө реанимациялык бөлүмгө жаткырылса, алтоо оорканага жатуудан баш тарткан.

Аталган окуя боюнча "Мыйзамсыз эркинен ажыратуу", "Массалык баш аламандык", "Бейбашчылык", "Бийлик өкүлдөрүнө кол көтөрүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД