Өзгөндө кытай жарандары менен болгон мушташ боюнча 100 адам суракка алынат

Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылында кытай жарандары менен жергиликтүү тургундар ортосунда болгон мушташ боюнча 100 киши суракка чакырылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү массалык мушташ боюнча бир да айыпкер кармала элек. Анткени ага катышкандардын көпчүлүгү түрдүү жараат алып, аймактык ооруканага жаткырылган.

"Окуяга катышкан 100дөн ашык киши көрсөтмө берүү үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө чакырылды", - дейт Ашырбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД