Кыргызстандыктар үчүн газ 3 тыйынга кымбаттады

Энергетика министрлигине караштуу отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменти январь айына болгон жаратылыш газынын баасын бекитти.

"Кыргызгаздын" маалыматына ылайык, көгүлтүр отундун 1 кубометри түндүк аймак үчүн 14,76 сомдон сатылса, түштүк аймакта 14,75 сомдон сатылат.

Газдын баасы декабрдагы баага салыштырганда 3 тыйынга кымбаттаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД