Өзгөн районундагы мушташтан Кыргызстандын 9 жана Кытайдын 18 жараны жапа чеккен

Өзгөн районундагы мушташтан Кыргызстандын 9 жана Кытайдын 18 жараны жапа чеккен. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кызматкери Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Анын айтымында, Куршаб айылынын жергиликтүү тургундары менен кытай жарандары ортосунда болгон мушташтан 5 милиция кызматкери да жапа чеккен. Андан сырткары 4 жергиликтүү тургун жана 18 кытай жараны түрдүү жаракат алган.

"Мушташты арачалаганга аракет кылган милиционерлер денесинен түрдүү жаракат алышкан. Алар учурда Өзгөн райондук ооруканада дарыланууда. Кытайдын эки жараны Ош облустук ооруканасына жаткырылды", - дейт Ашырбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД