Апрелдеги тоноочулуктан 4 млн сом зыян келген

"Апрель" геологиялык чалгындоо лагериндеги тоноочулуктан келтирилген чыгым 4 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда "Ала-Урум" ААКын башкаруучу төрагасы Владимир Смирнов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, жаалданган топ келип, эки вагонду коңторуп, үчүнчү вагонду өрттөп жиберишкен.

"Калган техниканы сактап, алып чыгууга мүмкүн болду", - дейт Смирнов.

"Апрель" кенине киргенде биздин машинаны жаштар таш бараңга алды. Ага карабастан биз 30 кызматкерди алып чыгууга үлгүрдүк. Бактыга жараша алардын эч кими жарат алган жок. Келтирилген жалпы чыгым 4 млн сомду түздү", - дейт Смирнов.

Ошондой эле ал, кенди иштетип аткан орусиянын A.Z. International компаниясы келтирилген чыгымды өз мойнуна алууга сөз бергенин белгиледи.

Белгилей кетсек, кен чыккан жерде кыргызстандык "Ала-Урум" ААКысы бургулоо иштерин жүргүзүп аткан.

Эскертсек, 19-ноябрда белгисиз бирөөлөр Апрель кенинде иштеп аткан геологдордун лагерина кол салган. 22-ноябрда 200дөй киши легарди талкалап, эки вагонду жана мончону өрттөп салышкан. Аталган факты боюнча "Өзүмбилемдик", "Атайылап бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү" жана "Бейбашчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД