Милиция кызматкерлери Аламүдүн районунан 4 мал ууруну кармашты

Аламүдүн районунан милиция кызматкерлери 4 мал ууруну кармашты. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы жеке булактан маалым болду.

Алдын ала маалымат боюнча, шектүүлөр буга чейин да ушундай иш менен шугулданып жүрүшкөн. Алар Октябрь айылында мал баккан кишинин үйүн аңдып жүрүшкөн. Алар түн ичинде уурулукка чыгууну пландашкан. Сарайдын кулпусун сындырып кирип, бир нече койду уурдап кетишкен.

Окуя болгон жерге келген ыкчам иликтөө тобу изи сууй электе 4 шектүү адамды кармашкан. Шектүүлөрдүн эң улуусу 51 жашта болгон.

Учурда алардын башка кылмыш иштерине тиешеси бар жогу текшерилүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД