“Айыл-Банктын” кызматкерлери шектүү кейстен улам имараттан чыгарылды

"Айыл-Банктын" биринчи кабатындагы кызматкерлер жана кардарлар шектүү кейстен улам имараттан сыртка чыгарылды. Бул тууралуу банктын маалымат-катчысы Жайнагүл Мамбеталиева "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, башка кабаттарда иштеген банк кызматкерлери өз кызмат ордуларында.

Имаратты текшерүүгө алган Свердлов райондук милиция кызматкерлери шектүү кейстен жарылуучу зат табышкан жок. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат-катчысы Бакыт Сейитов билдирди.

Сейитов Свердлов райондук ИИБине жана ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө "Айыл-Банктын" коопсуздук кызматы биринчи кабатта шектүү кейс табылганы тууралуу кайрылышканын кошумчалады.

Окуя болгон жерге участкалык инспектор барып, кейсти текшерген. Карагандан кийин аны таштандыга таштаган.

Андан сырткары окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу да барып, аталган фактыны каттоого алышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД