Москвада жол кырсыгына кабылган Криворучко элчиликтин кызматкери эмес

Москва шаарында жол кырсыгына кабылган Александр Криворучко элчиликтин кызматкери болуп саналбайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен "ВБ"га билдиришти.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жарык көргөн жол кырсыгына түшүндүрмө берип атып, Александр Криворучко элчиликте ээлеген кызматынан 2012-жылдын февраль айында эле кеткенин белгилешти.

Балким ал жеке себептерден улам Москвадан кеткен эмес. Жол кырсыгына кабылган машина жеке менчик. Жол кырсыгынан кийин полиция кызматкерлери анын дипломатиялык карточкасын көрүшүп, аны элчиликте иштейт деп ойлошкон. Жол кырсыгы катталган учурда анын дипломатиялык корточкасынын мөөнөтү бүтө элек болчу.

Эскертсек, жол кырсыгы 8-январда болжол менен саат 23.45 чамасында Севастопольск проспектисинде катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД