“Супер-Инфонун” журналисттери боюнча сот иши январда башталышы мүмкүн

"Супер-Инфонун" журналисттеринин иши сотко өткөрүлүп берилди. Бүгүн, 9-январда, Бишкек ШИИБинин тергөөчүсү жапа чеккен тарапка тергөө ишинин жыйынтыгын тааныштырды. Жакын арада иш Ленин райондук сотуна берилет.

"Бизди Бахияна Сатылганованын боюнда бардыгы тууралуу медициналык кагаз менен тааныштырды", - дейт теле алып баруучу Назира Айтбекованын күйөөсү Искендер Шаршеев. – Учурда анын чындап эле боюнда бар. Эң кызыгы, документтерге караганда аялымды уурдап кетүү боюнча укук коргоо органдарына арыз жазгандан кийин анын боюна болгон", - дейт Шаршеев.

Анын айтымында, айдын аягына чейин райондук сотто биринчи сот отуруму болушу керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД