Сох анклавындагы жаңжалды өкмөттүк комиссия иликтейт

Сох анклавындагы жаңжалды иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү. Бул тууралуу кечээ, 9-январда, өкмөт жыйынынан кийин юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, комиссиянын курамына Чек ара кызматы, Башкы прокуратура жана ИИМден өкүлдөр кирет.

Ошондой эле прокуратурага Өзбекстандын прокуратурасы менен чогуу тергөө ишин жүргүзүү боюнча өзүнчө тапшырма берилди.

Андан сырткары, Тышкы иштер министрлигине ушундай абалда тез арада коңшу мамлекеттин өкмөтү менен байланышып, кырдаалды дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет кылуусу керектиги да айтылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД