КТРКнын журналисти аны сабаган эркек кишини тааныды

КТРКнын журналисти Ширин Асанакунова аны сабаган эркек кишини тааныды. Асанакунова аны Айдин Кулбаев сабаганын тастыктады.

Кулбаев сурак маалында күндөн сактоочу көз айнекти жана спорттук кийим кийген. Ал журналистке кол көтөргөн маалда ушундай кийинген болчу. Асанакунова Кулбаев "өз күнөөсүн мойнуна алган жок, бирок кол көтөргөнүн да танган жок",- деди. Журналист белгилегендей, Кулбаев сурак учурунда өзүн тынч алып жүргөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД