ИИМ: Ош жана Баткен облустарында абал туруктуу

Ош жана Баткен облустарындагы абал туруктуу. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен "ВБ"га билдиришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар менен кытай жарандары ортосунда мушташ болгон Өзгөн районунун Куршаб айылында учурда абал туруктуу.

Ошондой эле Баткен облусунун Сох анклавынын айланасында да абал туруктуу. Ал жерде 5-январда Өзбекстандын жарандары менен жергиликтүү тургундар ортосунда жаңжал болуп, өзбек тарап 40ка жакын кыргыз жарандарын барымтага алган болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД