Айыпталып аткан ар бир атажуртчунун төрттөн адвокаты бар

Сот ишине төрагалык кылган судья атажуртчу депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдун анкетасы менен таанышууда. Сот жараяны Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өтүүдө.

Ташиевдин кызыкчылыгын төрт адвокат коргоодо. Жапаров менен Мамытовдун да кызыкчылыгын төрттөн адвокат коргоодо.

Андан сырткары атажуртчулардын коомдук коргоочусу катары Турсунбай Бакир уулу, Жылдызкан Жолдошова жана Курманбек Осмонов да сотко катышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД