Ташиевдин жардамчысы бейбашчылык үчүн мурда соттолгон болуп чыкты

Бүгүн, 10-январда, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда атажуртчу депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдун иши сотто каралууда. Камчыбек Ташиевдин жардамчысы Бердибай Исаевдин анкеталык маалыматтарын кароо учурунда ал буга чейин бейбашчылык үчүн бир жылга эркинен ажыратылганы маалым болду.

Андан сырткары Исаевдин төрт баласы бар экени да аныкталды. Анын эң кичүү баласы кечээ, 9-январда, төрөлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД