Жеңиш Разаков: Өзбекстан Сох анклавындагы материалдык чыгымды төлөп берет

Өзбек тарап Сох анклавында жарандарды барымтага алуу учурунда келтирилген материалдык чыгымды төлөп берет. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы атайын өкүлү Жеңиш Разаков бүгүн, 10-январда, маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда абал "салыштырмалуу туруктуу". Тергөө иштери жүрүп, келтирилеген материалдык чыгымдын наркы такталууда.

Эскертсек, жергиликтүү тургандар ортосунда жаңжал Кыргызстандын чек арачылары анклавдын аймагынан электр чубалгаларын алып өткөндүгү үчүн келип чыккан делинүүдө. Кийин Чек ара кызматы билдиргендей, электр чубалгылары үчүн түркүктү чек арачылар эмес, айыл тургундары орноткон.

Маалымдалгандай милиция кызматкерлери аталган аймакта чагымчыл аракеттер болуп кетпеши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД