Шаар мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоо январдын аягына белгиленди

Жалпы жонунан жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын 271 башчысы шайланат.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн бүгүнкү, 10-январдагы, отурумунда 271 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчыларын шайлоо күнүн бекитишти.

БШКнын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Болот Максүтов шайлоо 28-январдан 2-февраль күндөрүнүн аралыгында өтө турганын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД