Бабанов Кыргызстандын шахмат федерациясынын президенттигинен баш тартат

Өмүрбек Бабанов Кыргызстандын шахмат федерациясынын президенттигинен баш тартат. Бул тууралуу федерациянын вице-президенти Нурдин Самаков "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, президенттиктен расмий түрдө кетүү боюнча билдирүү федерациянын 26-январда Бишкекте боло турчу съездинде жарыяланат. "Бабанов кызматтан кете турганын айтып, съезд чакырылды", - дейт Самаков.

Андан сырткары, съездде Кыргызстандын шахмат федерациясы менен Кыргыз шахматы федерациясын бириктирүү маселе каралат.

Эскертсек, 2012-жылдын 13-апрелинде Бабанов федерациянын президенти болуп шайланган. Анын талапкерлигин Эл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) президенти Кирсан Илюмжинов сунуш кылган. Бирок шайлоо учурунда ал убактагы премьер-министр жыйынга катышкан эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД