Депутаттар: Сот жообуна апрель окуясына тийиштиги барлар да тартылышы керек

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов атажуртчу депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун сот иши каралып аткан учурда аларга карата кылмыш иши туура эмес козголгон деп билдирди.

Ал ошондой эле кылмыш ишин бир гана баш прокуратура козгой ала турганын айтып, анын биринчи орун басары козгой албайт деп кошумчалады.

Өз кезегинде "Ата-Журт" фракциясынын дагы бир депутаты Жылдызкан Жолдошова прокурор менен сүйлөшкөн учурда айыпталуучулардан 297 жана 298 беренелер боюнча айыптар алынат деп билдирген деп айтты. Бирок андай жасашкан жок. Депутат ошондой эле кылмыш иши козголгон күндө да депутаттарды эч ким коомдон бөлө албайт деп билдирди.

"Эгер депутаттарды конституциялык түзүмдү кулатууга аракет кылды деп камаса, анда 2010-жылы революция жасагандар да сот жоопкерчилигине тартылышы керек", - дейт Жолдошова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД