Кыргызстанда чыгарылган нандын көпчүлүгү ден-соолукка зыяндуу

"Өлкөдө чыгарылган нандын сапаты ич жылытпайт", - деп Айыл-чарба жана мелиорация министрлигинин дандын сапатын аныктоочу борборунун директору Артыкбай Хамитов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, дан азыктарынан жасалган азык-түлүктүн көпчүлүгү республикадагы учурдагы стандартка жооп бербейт жана колдонуучулардын ден-соолугуна олуттуу коркунуч туудурат.

Хамитов учурда өлкөдө 9 миңден ашык азык-түлүк чыгаруучу ишкана бар экенин, алардын көпчүлүгүндө заманбап үлгүдөгү жабдык жок болгондуктан чыгарылган продукциянын сапаты да төмөн экенин белгиледи.

"Экинчи көйгөй – жогорку сапаттагы буудайдын жок болушу. Чакан наабайканалардын ээлери дыйкандардан сапаты төмөн буудайды сатып алышат. Бул аракеттер чыгарылган продукциянын сапатына терс таасир тийгизет. Учурда тандырга жабылган нандарды санитарияга туура келбеген шартта бышыруу кадимки көрүнүш болуп калды. Ал эми бөлкө нанды чыгарган цехтерде мамлекеттик көзөмөлдөөчү орган чанда гана болот", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД