КТРКнын журналисттин сабады деп айыпталганга бүгүн соттун санкциясы чыгат

Бүгүн,10-январда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун отуруму болот. Анда КТРКнын журналисттерин сабаган Айдин Кулбаевге карата санкцияны берүү аныкталат. Сот чечимине ылайык, анын баш коргоо чарасы да аныкталат. Бул тууралуу жапа чеккен журналисттердин бири Ширин Асанакунова "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, сот жабык эшик артында болот жана ага жапа чеккендер да киргизилбейт. Бирок Асанакунова баары бир сот имаратынын алдында боло турганын билдирди. Ал ошондой эле Кулбаевге карата бериле турчу санкция жеңил болуп, аны камактан чыгарып ийиши мүмкүн деп кооптонгонун да айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД