“Кыргызнефтегаз” салыктан 22 млн сомду жашырып койгон

Жалал-Абат облустук экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик башкармалыгы "Кыргызнефтегаз" ААКы "Петрофак Энерджи Девелопмент Интернейшнл ЛТД" компаниясы менен түзүлгөн келишим боюнча отчетту салык органдарына өз убагында так көргөзбөгөндүгүн аныктады. Бул тууралуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басмасөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай "Кыргызнефтегаз" салык төлөбөгөндүктөн мамлекетке келтирилген чыгым 22 млн 131,9 миң сомду түзгөн.

Ошондой эле "Кыргызнефтегаз" чыгымдын ордун мамлекетке төлөп берген деп айтылат.

Материалдар Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн тергөө органдарына берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД