КТРКнын журналисттерин сабаган киши убактылуу тергөө абагына камалды

Журналисттерди сабады деп шектелип аткан Айдин Кулбаев Бишкекте убактылуу тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу анын адвокаты Икрамидин Айткулов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 10-январда, сот ишине төрагалык кылган Октябрь райондук сотунун судьясы Араппай Мамбеталиев КТРКнын журналисттерин сабады деп шектелген Кулбаевди Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагына эки айга камакка алуу боюнча чечим чыгарган.

"Камакка алуу чечиминин кабыл алынышы Кулбаев тергөө ишине жолтоо болуу менен бирге качып кетиши мүмкүн деген тыянакка байланыштуу", - дейт Айткулов.

Ал ошондой эле соттун "аны камакка алууга эч кандай негизи жок болчу. Ал милицияга өзү келген", - деп кошумчалады ал.

Андан сырткары ал кечээ Кулбаевдин баш коргоо чарасын кароо учурунда КТРКнын журналисттери сот отурумуна киргизилгенин жана ал телеберүү аркылуу көрсөтүлгөнүн айтат. "Бул түздөн-түз мыйзам бузуу болуп саналат. Анткени санкция берүүга тергөөчү жана адвокаттардан башка эч ким киргизилбейт", - дейт адвокат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД