Жоомарт Оторбаев: Ипотека үчүн банктарда акча жок

"Банктардын ипотекалык долбоорлор үчүн акчасы жок", - деп Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев "ВБ"га билдирди.

Ал ипотекалык насыялардын жоктугун банк системасынын алсыздыгы менен түшүндүрдү. "Ипотекалык насыя берүүчү банктар жок. Ошондуктан банктарда бул долбоорду ишке ашыруу үчүн финансылык каражат жок", - деди Оторбаев.

Биринчи вице-премьердин айтымында, экинчи негизги көйгөй болуп өлкөдөгү кредит боюнча тобокелчиликтин жогорулугу. "Сырттан берилген жеңилдетилген насыялар – өтө оор процесс. Ошондой эле чет элдик банктар жогорку пайыздык ставканы коюшат. Биз саясый жана экономикалык тобокелчиликти азайтышыбыз керек", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД