“Дордой” үчүн ойной турган бразилиялык футболчулардын маселеси чечиле элек

"Бразилиялык эки футболчу "Дордой" үчүн бул жылы ойнойбу же жокпу, азырынча белгисиз", - деп "Дордой" футбол командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, "Оле Бразиль" футбол академиясынын эки тарбиялануучусу Жанкарлос Израель Превиато (1993-жылы туулган) жана Андерсон Вильиан Франко де Соуза (1992-жылы туулган) үйүнө кетишкен жана алардын кайтып келүүсү азырынча белгисиз.

Эскертсек, "Дордой" эки бразилиялык оюнчу менен 2011-жылы келишим түзгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД