Кыргызстан үчүн газдын баасы январь айынын акырында белгилүү болот

Кыргызстан үчүн 2013-жыл үчүн газдын баасы январь айынын акырында белгилүү болот. Бул тууралуу "Кыргызгаз" ААКынан "ВБ"га билдирди.

Учурда өлкөнүн түндүгү үчүн газдын баасы боюнча "Кыргызгаз", "Газпром" жана "КазТрансГаз" ортосунда сүйлөшүү жүрүүдө. Ал эми өлкөнүн түштүгү үчүн газ алуу боюнча "Кыргызгаз" "Узтрансгаз" менен сүйлөшүү жүргүзөт.

Жеке булактардан "ВБ"га маалым болгондой, кыргызстандыктарды газ менен камсыз кылуу боюнча премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана "Кыргызгаздын" башкы директору Тургунбек Кулмурзаевдин жолугушуусу болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД