Мамлекеттик каттоо кызматы коррупция менен күрөшүүгө сөз берүүдө

Мамлекеттик каттоо кызматында (МКК) коррупция жана финансылык мыйзам бузуулар менен иш алып бара турчу башкармалык түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда, МККнын жетекчиси Эрлан Сапарбаев билдирди.

Борбордук телеканалдардын биринде сүйлөп атып, ал мекеменин бир катар жумушчуларына карата кылмыш иши козголгону боюнча суроого жооп берип атып, "МККда бир нече кылмышкер бар, бирок алар менен күрөшүүгө убакыт жок" деп жооп берди. "ВБ"нын журналисттери бул менен ал эмнени айткысы келегендигин түшүндүрүп берүүсү үчүн кайрылды.

"Бул жерде түшүнүксүз эч нерсе жок. Өзүңөр деле ЖМКдагы маалыматтарды көрүп атасыңар: райондук мамлекеттик каттоо кызматкерлерине жана башка департаменттерге карата кылмыш иши козголуп атат. Биз коомчулуктан эч нерсени жашырбайбыз. Бардыгы ачык. Мына мен так ушуну айткым келген. Ошентсе да коррупция менен күрөшүү иштери жүрүүдө. Жакынкы күндөрү атайын башкармалык түзүлөт. Ал бир гана коррупция менен иш алып барбастан, финансылык мыйзам бузуулар менен да алектенет", - деди МККнын төрагасы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД