“Тез жардам” катышкан жол кырсыгы боюнча сот иши дале белгилене элек

"Тез жардам" медициналык машинасы жана Октябр райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери Улан Садыковдун машинасы менен болгон жол кырсыгы боюнча сот иши али күнгө чейин белгилене элек. Бул тууралуу тез жардам станциясынын башкы дарыгери Гүлнара Ташибекова "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, айыптоочу тарап соттон баш тартуу боюнча кагаз түрүндө кайрылган. 20-декабрдан бери кийинки сот отуруму качан болору белгисиз. "Сот иши качан аяктары белгисиз", - деди Ташибекова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД