Бишкектин Лев Толстой көчөсүнөн 6 айлык ымыркайдын сөөгү табылды

Борбор калаанын Лев Толстой көчөсүнөн 6 айлык ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирди.

Маалыматка ылайык, ымыркай салынган желим баштыкты тургундар капысынан таап алышкан. Ал аллеяга ташталган. Окуя тууралуу алар дароо милиция кызматкерлерине билдиришкен.

Ымыркайдын денесин биринчи эксперттер карашкан. Алар ымыркай баланын жашы болжол менен 6 айлык деген бүтүм чыгарышкан. Ымыркайдын денесинен кандайдыр бир кордоонун белгилерин тапкан эмес. Ошентсе да ымыркайдын сөөгү өлүк жайга жеткирилет.

Учурда Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери баланын энесин аныктоо иштерин жүргүзүүдө. Милиция кызматкерлери жеке турак жайларды да текшерүүгө алууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД