Чарбак жаңжалындагы материалдык чыгымды төлөп берүүгө Өзбекстан макул болду

Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Разаков чек ара чыры чыккан аймакта кырдаалды туруктуу деп айтууга болбой турганын "Азаттыктагы" маегинде билдирген. Ал ошондой эле аймакта нааразычылык жөнгө салына электигин айткан.

10-январда кыргыз-өзбек бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, анда өзбек тарап Чарбак жаңжалындагы материалдык чыгымды толук төлөп берерин билдирген.

Бүгүн тараптар дагы жолугушуусу мүмкүн. Разаков кыргыз тарап материалдык чыгым төлөп берилмейинче, башка маселелерге өтпөй турганын билдирип жатканын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД