Дзюда боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн Кыргызстан 64түккө кирүүсү керек

Эгер кыргызстандык дзюдочулар алдыңкы 64 тизмеге кире турган болсо, анда быйылтан баштап дүйнөлүк чемпионаттарга катыша алат. Бул тууралуу Кыргызстандын дзюдо боюнча федерациясынын аткаруучу директору Эркин Кадыракунов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, дзюдо боюнча эл аралык федерациянын жаңы эрежеси боюнча эң күчтүү 64 тизменин катарына кирген спортчулар гана дүйнөлүк чемпионатка катыша алат. "Эреже жыл сайын катуулап баратат. Азырынча чемпионатка биздин төрт спортчу катышат", - деди ал.

Кадыракунов белгилегендей азыр күчтүү 64түккө Кыргызстандан Ислам Баялинов, Азат Кубакаев, Чингиз Мамедов жана оор салмактагы Юрий Краковецкий кирет. "Дүйнөлүк рейтингге чыгуу үчүн упай топтосо болот. Упай алуу үчүн эл аралык турнирлерге, дүйнөлүк кубокко "Чоң Шлем" өңдүү турнирлерге катышып топтосо болот", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД