Милициянын полковниги тапшырык менен өлтүрүлүшү мүмкүн

Ички иштер министрлиги ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы тапшырык аркылуу өлтүрүлүшү мүмкүн деп божомолдошууда. Бул тууралуу Ош облустук ИИБи "ВБ"га билдирди.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмү боюнча ведомстволор аралык ыкчам-тергөө тобу түзүлдү.

"Тергөө тобунун курамына милиция кызматкерлери, МУКК жана прокуратуранын өкүлдөрү киришти", - дейт ыкчам топтун кызматкерлери.

Азыр күч түзүмүнүн өкүлдөрүндө полковниктин ишмердигине байланыштуу аны тапшырык аркылуу өлтүрдү деген да версия бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД