Милициянын полковнигин өлтүргөн кишинин фотороботу түзүлдү

ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди атып өлтүргөн киллердин фотороботу түзүлдү. Бул тууралуу Ош облустук ИИБдеги жеке булактар "ВБ"га билдирди.

"Шектелген адамды көргөн киши бар. Ал аны сүрөттөп берди. Ошондой эле биз полковникти атып өлтүрдү деп шектелип аткан кишини алып келген таксинин айдоочусун да аныктадык", - дейт жеке булак. Милициянын бардык кызматкерлери өткөн түндөн баштап киллерди издөөгө жардам берүүдө, деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД