Ниязов: Полковниктин өлтүрүлүшү коомдун криминалдашып баратканынан кабар берет

"ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин өлтүрүлүшү биздин коом жетиштүү деңгээлде криминалдашып кеткенинен кабар берет",- деп Коргоо кеңешинин экс-катчысы Мирослав Ниязов бүгүн, 12-январда, "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо органдарынын кызматкерлери өздөрү да криминалдык иштерге аралашышы мүмкүн.

Эскертсек, кечээ кечки саат 8дер чамасында полковник үйүнүн жанынан атылып өлтүрүлгөн. Окуяны иликтөө үчүн ведомстволор аралык ыкчам-иликтөө тобу түзүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД