Өмүрбек Суваналиев: ИИМ системасынын алсыздыгынан милиционерлерди атып кетүүдө

"Ички иштер министрлиги кылмышкерлер менен күрөшүүдө алсыз болууда", - деп убагында ички иштер министринин милдетин аткарган, коомдук ишмер Өмүрбек Суваналиев. Ал мындай билдирүүнү ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин өлтүрүшү боюнча айтып атып билдирди.

Анын айтымында, болгон окуя ИИМ системасында эмне болуп атканын дааны көргөзүүдө. "Система эки топко бөлүнүп калды. Ал уюшкан кылмыштуу топко каршы алсыз. Алардын таасири күчөп атат", - дейт Суваналиев.

Ал ошондой эле, кылмыш түзүмү буга чейин унчукпай келгенин, азыр кылмыштуу топтун лидерлери өлкөгө кайта келгенин белгиледи.

Эскертсек, кечээ кечки саат 8дер чамасында полковник үйүнүн жанынан атылып өлтүрүлгөн. Окуяны иликтөө үчүн ведомстволор аралык ыкчам-иликтөө тобу түзүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД