Милициянын полковнигин өлтүргөндөр таксиге курткасын унутуп кеткен

ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүргөндөр таксиге курткасын унутуп калышкан. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы жеке булактан "ВБ"га маалым болду.

Милиционерлердин айтымында, алар полковникти өлтүргөндөн кийин Оштун Черемушка районуна такси менен качып кеткен. "Таксистин айтымында, жашы 20-23тер чамасындагы балдар өздөрүн шектүү алып жүрүшкөн. Алар кайда барарын билишпей көпкө урушуп, түрдүү даректерди айтышкан жана таксиге курткасын унутуп калышкан",- дейт милиционер.

Милицианын полковнигин өлтүрдү дегендерди жакын арада кармоо аракеттери көрүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД