Каза болгон полковниктин үй-бүлөсүнө Ош мамлекеттик администрациясы жардам берет

Ош мамлекеттик администрациясы атып өлтүрүлгөн ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин үй-бүлөсүнө жардам берет. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, Ош мамлекеттик администрациясы милициянын полковнигинин үй-бүлөсүнө материалдык жардам берет. Бирок, канча көлөмдө жардам берилерин тактаган жок.

"Жакындарынын кайгысын тең бөлүшөм жана шектүүлөрдү укук коргоо органдарынын кызматкерлери эң жакын арада кармайт деп ишенем", - дейт Жээнбеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД