Президент каза болгон полковниктин жакындарына көңүл айтты

Президент Алмазбек Атамбаев атып өлтүрүлгөн ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

"2010-жылы башталган Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө эч кандай компромис болбошу керек", - деп белгиленет таратылган билдирүүдө.

Маалымдалгандай, мамлекет башчы ИИМдин башчысына жакын арада кылмышка шектүүлөрдү табууну буйруду.

Эскертсек, кечээ кечки саат 8дер чамасында полковник үйүнүн жанынан атылып өлтүрүлгөн. Окуяны иликтөө үчүн ведомстволор аралык ыкчам-иликтөө тобу түзүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД