Полковник Шоноевге 2007-жылы да кол салуу болгон

ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы милициянын полковниги Толкунбек Шоноевге 2007-жылы да кол салуу болгон. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактан "ВБ"га белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, 2007-жылы Шоноев уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүмүнүн ыкчам-иликтөө бөлүмүндө ага кызматкер болуп иштеген. Ошол эле жылы агы курал колдонуп кол салуу болгон, бактыга жараша алган жараты жеңил болуп аман калган.

"Анда да кылмышкерлер жашырынып кетүүгө үлгүрүп, кармалбай калган", - дейт укук коргоо органындагы жеке булак.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД