Ажы-депутаттардын тобу ажылык боюнча мамлекеттик агенттик түзүүнү сунушташууда

Ажы-депутаттардын тобу ажылык иштери боюнча мамлекеттик агенттик түзүүнү сунушташууда. Бул тууралуу "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу өзүнүн Facebook социалдык тармагына жазды.

"Биз депутат ажылар Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын ордуна ажылык иштери боюнча жаңы мамлекеттик агенттик түзүүнү сунуштайбыз жана ажылык иштерин уюштуруу функциясын КДМБдан аланат", - деп жазат Бакир уулу.

Эскертсек, министрлер кабинетинин жаңы курамы боюнча долбоор Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн. Долбоорго ылайык бир-бирин кайталаган мамлекеттик органдар кыскартылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД