Куткаруучулар шаардык канализациялык люктан араң жан селсаякты чыгарышты

Борбор калаанын куткаруучулары канализациялык люктан селсаякты чыгарышты. Бул тууралуу ӨКМнын басмасөз кызматы билдирди.

"161" диспетчердик пультуна Тыныстанов көчөсүндөгү люктан кишинин жардам сурап кыйкырып аткан үнү чыгып аткандыгы боюнча чалуу болгон. Окуя болгон жерге куткаруучулар чыгышкан. Жабыр тарткан адамдын селсаяк экендиги жана сууктан коргонуу үчүн ал жерде түнөп жүргөнү аныкталган. Кечээ,13 январда, анын ден-соолугу кескин начарлап, өз алдынча люктан чыга албай калган. ӨКМнын кызматкерлери алгачкы медициналык жардамды көргөзүп "тез жардамдын" дарыгерлерине өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД